Turmush — Лейлек районунда «Арсенал» иш-чарасынын алкагында мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 2026-жылдын 7-апрелинен 25-апрелине чейин өтүп жаткан “Арсенал” аталышындагы иш-чаранын алкагында текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Анын жыйынтыгында Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак айылынын тургуну С.И. аттуу жаран Танги-Башы жайлоосунда тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды.
Текшерүү учурунда жарандан 3 даана тирүү кекилик жана 1 даана өлүк кекилик табылган.
Аталган факты боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.