Turmush — Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институту тарабынан PhD докторантура, аспирантура жана магистратура бөлүмүндө билим алып жаткан жаш илимпоздор үчүн «Илимий изилдөөдөгү көйгөйлөр жана чакырыктар» аттуу илимий-усулдук семинар уюштурулду.
Семинардын негизги максаты — жаш изилдөөчүлөрдүн илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, заманбап илимий көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүүнүн натыйжалуу ыкмаларын өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү методологиялык, уюштуруучулук жана практикалык чакырыктарды талкуулоо аркылуу алардын изилдөөчүлүк компетенцияларын жогорулатуу.
Иш-чарага М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Бизнес боюнча жогорку мектебинин жана PhD программаларынын директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Тамара Юлдашевна Жолдошева катышып, «Илимий изилдөөдөгү инновациялык ыкмалар» темасында баяндама жасады. Ал өз сөзүндө заманбап илимий изилдөөлөргө коюлуп жаткан талаптар, инновациялык ыкмалар жана жеке тажрыйбасы тууралуу кеңири маалымат берди.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышып, өз ара пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында мындай илимий-усулдук семинарларды мындан ары да үзгүлтүксүз уюштуруу сунушталды.