Turmush — Ош технологиялык университетинин делегациясы Казакстан Республикасында иш сапары менен болуп, эл аралык илимий иш-чараларга катышты.
Делегацияны окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жетектеп, Евразия гуманитардык институту им. А.К.Кусаинова тарабынан уюштурулган эл аралык илимий конференциягаактивдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында эки жогорку окуу жайдын ортосунда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында меморандумга кол коюлду. Аталган келишим билим берүү, илим жана маданият тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууну чыңдоого багытталган.
Конференциянын жүрүшүндө ОшТУ делегациясы кызматташтыктын негизги багыттары боюнча сунуштарын билдирип, билим берүү процессин өркүндөтүү, инновациялык ыкмаларды киргизүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген адистерди даярдоо маселелерине токтолду.
Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:
– окутуучулар жана студенттер арасында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү;
– биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, конференцияларды жана семинарларды уюштуруу;
– тажрыйба алмашуу жана конок лекцияларды өткөрүү;
– кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашыруу;
– билим берүү жана илимий долбоорлор боюнча кызматташтыкты кеңейтүү.
Бул келишим эки окуу жайдын ортосундагы байланышты чыңдап, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондой эле эл аралык деңгээлде билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.