Turmush — Рамис Абдырашитов Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Карыбек Карпеков атындагы мектепке директор болуп дайындалды.
Резюмеси:
Туулган жылы: 9-октябрь 1988-жыл.
Жашаган жери: Ат-Башы району, Кызыл-Туу айылы.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.
Билими:
- 1995-1997-жылдары — Кара-Булуң айылында мектеп
- 1997-2006-жылдары — Кызыл-Туу айылы Калкан Керималиев атындагы орто мектебинде окуган.
-2006-2011-жылдары — Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин социалдык-психология боюнча адистигине окуган.
2014-2019-жылдары — Нарын мамлекеттик университетинде педагогика информатика боюнча билим алган.
2021-2024-жылдары — дене тарбия жана спорт боюнча адистике ээ болгон.
Иш тажрыйбасы:
- 2011-2013-жылдары — Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин «Социалдык-психология» факультетинде социалдык технологиялар жана психология лабораториясында мед.адист жана декандын тарбия иштери боюнча декандын орун басары.
- 2014-2018-жылдары — баштап Ат-Башы районудагы К.Керималиев атындагы орто мектебинде мектептен жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу.
- 2018- 2022-жылдары — окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.
- 2017-2022-жылдары — Ат-Башы районун информатиктер усулунун жетекчиси.
- 2022-жылдан 2025-жылдын 30-апрелине чейин — Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинеде директору.
- 2025-2026-жылдары — Ат-Башы районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы.
- 2026-жылдын 18-мартынан баштап Кара-Суу айылынын Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору кызматында эмгектенип келет.
Спорттогу ийгиликтери:
Жиу-житсу жана грэпплинг боюнча спортчу. Спорт менен алгач мектеп курагында машыга баштаган.
Москва шаарында өткөн «Grand Slam» дүйнөлүк турниринин чемпиону. Бишкек шаарында өткөн грепплинг боюнча Азиянын чемпиону. Казакстанда өткөн жиу-житсу боюнча «Самурай WORD» дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү.
Жетишкендиктери үчүн грепплингден 2-дандагы кара кур жана эл аралык даражадагы спорт чебери наамына ээ болгон.