Turmush — Нурайым Максатова Кыргыз улуттук циркинин «Шумкар» командасынын катарында ат үстүндө өнөрүн көрсөтүп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Ал Нарын облусунун Таш-Башат айылында төрөлгөн. Учурда Ысык-Ата районуна караштуу Норус айылында жашайт. Жакында эле аталган айылга келин болду. Ал быйыл 20 жашка чыгат.
«Азырынча иштебейм, окуп жатам. Экономист кесиби боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алып жатам, быйыл 2-курсту бүтөм.
Чынын айтсам, атка болгон кызыгуум кичине кезимден эле башталган. Ошондо эле кыз куумай, жигит өнөрү (джигитовка) сыяктуу оюндарга катышып, эл алдына чыксам деп кыялданчумун. Атка мингенди болсо мага тайкем үйрөткөн.
Ошентип сураштырып жүрүп, 2022-жылы "Азия жигиттери" командасына кошулуп калдым. Ошол жерден башталып, бул тармакка толук кирип кеттим десем болот. Андан кийин 2024-жылы Кыргыз улуттук циркинин "Шумкар" командасына кошулдум. Азыркыга чейин ошол команда менен чыгып, өнөр көрсөтүп келем.
Мен ат оюндарына 16 жашымдан бери катышып келем. Жыл сайын 21-март, 9-май, 31-август күндөрү чоң мелдештер өтөт. Ошол мелдештерден 2023-жылдан бери биринчи орундарды алып келе жатабыз», - деди ал.
Нурайым Максатова чет өлкөдөгү оюнга да катышканын айтат.
«Эң эсте калган учурлардын бири — 2024-жылы июнь айында Казань шаарында өткөн БРИКС оюндарына катышып келгеним. Ал эми 2025-жылы ноябрда Таласта өткөн улуттар аралык мелдеште биринчи орунду алдык, бул да чоң жетишкендик болду.
Бир жолу ат бастырганы талаага чыгып, аны атайын оюнга даярдап жүрдүм. Бир убакта бактардын арасынан капысынан ит чыга калып, атым үркүп кетти. Катуу чуркап, бактарды аралай качканда мен жыгылып калдым. Кудайга шүгүр, эч жерим оорубай аман калдым. Бирок мен ордумдан тургуча атым качып кетиптир. Кечке жуук, саат 5-6лар чамасы болчу. Ошентип мен атымды издеп, талааны түрө кыдырып чыктым. Курсагым ачып, кийимим кир болуп, өзүм да чарчап калдым. Көргөн адамдар мени үй-жайсыз деп ойлошсо керек деп өзүмчө күлүп да койдум.
Бир маалда жиним келип, "тапсам эле сатып жиберем!" деген ойлор да келди. Бирок канча издесем да таппай, убакыт өтүп, күн батты. Саат тогуз жарымдарда таптакыр чарчап, үмүтүмдү үзүп, үйгө кайтып келдим. Үйгө келсем эле атым эбак эле келип, тескерисинче мени күтүп турган экен. Ошол замат ачуум тарап, баарын унутуп калдым», - деди ал.
Каарманыбыз бош убактысын да ат үстүндө өткөрөт.
«Бош убактымда деле аттан түшпөйм десем болот. Машыгам, кээде жөн эле минип эс алам. Анан дагы сүрөт тартканды жакшы көрөм, эргүү келгенде тартып коём, бул менин хоббим.
Келечекте максатым чоң — ат үстүндө оюн көрсөтүп, Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнөгө таанылгым келет. Бул менин бала кезден берки кыялым», - деди ал.