Turmush — Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы мектептин окуучусу Канайым Нурланбекова кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык предметтик олимпиадада 3-орунду ээледи. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, буга чейин Ак-Талаа районунан 4 окуучу облустук олимпиададан алдыга чыгып, республикалык олимпиадага жолдомо алышкан. Булардын арасынан аталган айылдагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Канайым Нурланбекова республикалык предметтик олимпиадада 3-орунду багындырды.
Предметтик олимпиаданын окуучуларын жана мугалимдерин сыйлоо аземи агартуу министри Догдургүл Кендирбаева катышуусунда белгиленди. Анда Канайым Нурланбекова жана мектептин кыргыз тилчи мугалими Асел Турарбек кызы да сыйланды.
- Бишкекте өткөн мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республиканын турунда Нарын облусунан катышкан 27 окуучунун ичинен бешөө байгелүү орунга ээ болду.