Turmush — Ысык-Көлдө адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 27-март күнү саат 15:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунда унаа кырсыгы орун алган.
Анда 1987-жылы туулган М.Д.Б. аттуу айдоочу “Мерседес-Бенц Е420” үлгүсүндөгү автоунааны батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жаткан. Ошол учурда 1979-жылы туулган М.У.Э. “Фольксваген Пассат” автоунаасы менен жолдун сол тарабынан бурулуп чыккан.
Натыйжада “Мерседес-Бенц Е420” автоунаасынын айдоочусу кагылышуудан качууга аракет кылып, жолдун ортосундагы парапеттин ажырымынан өтүп, каршы тилкеге чыгып кеткен. Андан соң ал каршы тилкеде келе жаткан 1988-жылы туулган Ж.К.А. башкаруусундагы “Рено Самсунг SM6” автоунаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Мерседес-Бенц Е420” жана “Рено Самсунг SM6” автоунааларынын айдоочулары окуя болгон жерде каза болушкан.
Учурда каза болгон жана жаракат алган башка адамдар тууралуу маалымат такталууда.
Бул факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.