Turmush — Жаш кыздарыбыз элечек кийип, түрдүү ролдорду жаратып, модага айландырып жатышат. Бирок элечек кийүүнүн жол-жобосун, анын терең маанисин көпчүлүгү билишпейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев Манас шаарында өткөн илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Ал “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу аркылуу улуттук нарк-баалуулуктар даңазаланып жатканын айтып, улуу элдин өзүнүн нарктуулугуна өзгөчө басым жасоо керектигин белгиледи. Ошондой эле улуттук баш кийимдердин маанисине кеңири токтолду.
Анын айтымында, илгери жаман кабарды угузууга атайын адам дайындалчу. Андай учурда акыл-эси ток, сылык-сыпаа адам жөнөтүлгөн. Ал эми азыр интернетке бардык терс окуялар чыгып жатат. Адамды аярлоо, бирөөнүн көңүлүн сактоо деген түшүнүк азайып калды. Кимдир бирөөнүн кемчилигин жайбасак болбой калгандай сезилет. Ошентип, кемчилик издеп, аны жайылтууга көнүп баратабыз.
«Улуттук нарк маселелерин туура түшүнүп алышыбыз керек. Уңгу жол — ата-бабалардан бизге калган мурас. Бирок бүгүн биз элечектин, калпактын, деги эле улуттук баш кийимдердин маанисин толук билбей калдык. Кыздарыбыз элечек кийип алып роль жаратып, мода көрсөтүп жатышат. Бирок кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечекти ким киет? Кимге жоолук салынат? Ким тебетей киет? Ким кимден кийин сүйлөйт? Ким кимден кийин орун алат? Мунун баарын ата-бабаларыбыз кагазга жазып бербесе да, көкүрөгүбүзгө куюп келишкен. Тилекке каршы, ошол баалуулуктарды бүгүн унутуп отурабыз.
Элечекти аялга төркүнү кийгизген эмес, кайын журту кийгизген. Бул "биздин уруунун энеси болдуң, тукумубузду көбөйттүң, эми сага таажы кийгизели" деген урмат-сыйдын белгиси. Ошондуктан ак элечек оролгон. Тилекке каршы, бүгүн көпчүлүк баш кийимдин маанисин терең түшүнө бербейт», — деди ал.
Ошондой эле ал азыр жаш жубайлардын бири-бирин “кемпир”, “чал” деп атап жатканын да сынга алды.
«Кыргызда "сөз оңолмойун, өзүң оңолбойсуң" деген кеп бар. "Кемпир" деп жашы өтүп калган, күйөөсү каза болгон аялды айткан. "Чал" деп улгайып калган атаны атаган. Сөздүн маанисин түшүнбөй эле сүйлөй берүү туура эмес. Мындай көрүнүштү токтотушубуз керек. Жакшы сөздү, жакшы наркты жаштарга айтып жүрөлү», — деди Октябрь Капалбаев.
Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген.