Turmush — Алтынбек Эгемберди уулу Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.
Бүгүн, 24-мартта Араван районунун акими Данияр Эркимбаев жаңы айыл өкмөт башчысын жамаатка тааныштырды.
Буга чейин аталган айыл өкмөттү Насридин Абдураимов жетектеп келген.
Алтынбек Эгемберди уулу 1990-жылы 2-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл аймагы Жар-Коргон айылында туулган.
Билими:
- Ош мамлекеттик унверситети, юридика факультети юриспруденция адистиги, азыркы учурда сырттан окуп жатат;
- 2007-2012-жылдары — Ош мамлекеттик унверситети, салык жана салык салуу адистиги.
Эмгек жолу:
- 2024-жылдын 4-ноябрынан тартып ушул күнгө чейин — Ноокат шаар мэриясынын алдындагы «Ноокат Тазалык» муниципалыдк ишканасынын жетекчиси;
- 2023-жылдын 19-декабрынан тартып 2024-жылдын 4-ноябрына чейин — «Ош Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын сигнал ыкмасы боюнча жетектөөчү адиси;
- 2017-жылдан 21-февралынан тартып 2021-жылдын 6-июнуна чейин — Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы «Ноокат-Жарыктандыруу» ишканасынын директору;
- 2014-жыл 4-августунан тартып 2017-жылдын 21-февралына чейин — Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти, ер адиси;
- 2009-20012-жылы «Алтын-Асыл» ЖЧКсы.
Кошумча билими:
- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы окуу борборунун «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» боюнча сертификаты;
- «Билим» коомунун Ош облустук уюмунун «Компьютер менен иштөөчү бухгалтер» сертификаты;
- «Ченемдик-укуктук колдоо» квалификациясын жогорулатуу курсуна катышуу;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргызтест » мамлекеттик мекемесинин сертификаты.