Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында, Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда талаада куураган чөп, камыш күйүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 22-мартта болгон.
«Кара түтүн алыстан эле көрүнүп жатат. Жанына барганда өрт аябай катуу жалындап жатканын көрүүгө болот», - деди алар.