Turmush —
Бүгүн, 20-март күнү Нооруз майрамына карата Ак-Талаа районунун Баетов айылында 14 казан сүмөлөк кайнатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, айылдын Дөрбөлжүн аянтында эртеңки Нооруз майрамына карата мекеме-ишкана жана айыл өкмөттөр тарабынан 4 боз үй тигилип, 14 казан сүмөлөк жана 3 казан көжө кайнатылып жатат. Алгач бул майрамдык салтанаттын башталышында Айт майрамы дагы бирге белгиленип, жыт чыгарылып, токочтор жасалып жана маркумдарга багышталып Куран окутулду.
Нооруз майрамына карата Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында айыл аймактар жана мекеме-ишканалар арасында кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалаган улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана боз үй жасалгасы боюнча сынактар жана спорттук мелдештер уюштурулат. Тактап айтканда, сүмөлөк бышыруу, боз үй тигүү, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча сынактар өткөрүлөрү жана концерттик программа менен коштолору маалым болду. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылары айтылган.