Turmush —
Бүгүн, 20-мартта Ош облусунда Орозо айт намазы тынч өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ОИИБдин 1000ден ашуун кызматкери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты. Одоно түрдө мыйзам бузуулар катталган жок.
Кызматкерлер жер-жерлерде Орозо айт майрамына карата уюштурулган иш-чараларда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону улантышууда.
Ош шаарында жалпы 75 мечитте Айт намаз окулду.
Буга чейин Ош облусу боюнча Айт намаз окулуучу мечиттердин саны белгилүү болгон.
1. Алай району — 42;
2. Кара-Кулжа району — 18;
3. Чоң-Алай району — 6;
4. Араван району — 35;
5. Өзгөн району — 69;
6. Ноокат району — 93;
7. Кара-Суу району — 162.
Намазга мииңдеген адамдар катышты. Бардык мечиттерде Айт намазы тынч өттү.