Turmush — Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтийдин Жалал-Абад обулсундагы өкүлүнүн орун басары Жунус ажы Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, бул жылдагы Орозо айт намазы бир гана Бишкек шаарында эски аянтта окулат.
«Эртен, 20-март күнү өлкөдөгү жалпы мусулмандар үчүн Орозо айт намазы окулат. Ал эми биздин дубанда намаз жалпы 370 мечитте окулары пландалган», - деди Исмаилов .
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби:
- 07:30 – 08:00 — Куран окуу;
- 08:00 – 08:25 — диний баяндар;
- 08:25 – 08:30 — Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- 08:30 — Айт намазын окуу.