Turmush — Нарындагы айдоочуларга жол белгилери камтылган китептер таратылып жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга жол белгилери камтылган китептерди таратышып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып үгүт-насаат иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулардын жол эрежелерин билүүсүн жакшыртуу жана жолдо маданияттуу, сабырдуу болууга чакыруу.