Turmush — Нарын облусундагы мугалимдер санариптик билим берүү платформалары менен активдүү иш алып барышууда. Бул тууралуу Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев билдирди.
Окуучулардын саны: 1-класста 4682, 2-класста 5383, 5-класста 5533 жана 7-класста 5676 окуучу билим алууда.
Окуу куралдары: Мектептерге жалпы 88 321 окуу китеби жана 56 698 иш дептери жеткирилди. Ошондой эле мугалимдер үчүн 1814 методикалык колдонмо берилди.
Техникалык камсыздоо: Санариптештирүү алкагында облус боюнча жалпы 2977 ноутбук таратылды.
Анын ичинен:
- Англис тили мугалимдерине 395 ноутбук;
- STEM предметтеринин мугалимдерине 1324 ноутбук;
- Башталгыч класстардын мугалимдерине 1258 ноутбук берилди.
1856 мугалим, методист жана бөлүм башчылары атайын квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.