Turmush — Бүгүн, 27-февралда Ош технологиялык университетинде акын жана жазуучу, тажрыйбалуу педагог Мусабоева Матлюбахан Разыкбаевнанын түрк тилинде жарык көргөн «Курманжан датканын өмүрү — мекенге арналган өрнөктүү өмүр» (Kurmancan Datka’nın Hayatı - Vatanına Adanmış Örnek Bir Ömür) аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Аталган китеп буга чейин кыргыз жана өзбек тилдеринде жарык көргөн. Түрк тилине Даткайым Абдимиталипова которгон. Эмгек кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмери Курманжан датканын ишмердүүлүгүнө, Кокон хандыгына жана Орус падышачылыгына байланыштуу болгондуктан студенттердин кызыгуусун жаратып, суроо-жооптор менен коштолду.
Иш-чара ОшТУнун Коомдук илимдер кафедрасынын демилгеси менен ишке ашырылды.
Мусабоева Матлюбахан Разыкбаевна — акын жана жазуучу, Кыргыз Ресубликасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, 14 көркөм-тарыхый чыгарманын автору. Өзгөн районундагы өзбек диаспорасынын төрайымы. Тажрыйбалуу насаатчы педагог, билим берүү тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенген.