Turmush — Ош технологиялык университетинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү жана 24-февраль — ОшТУнун түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өттү.
Саамалык окуу жайдын жетекчилиги, Аялдар кеңеши, Инновациялык маалымат технологиялар институту жана Кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду. Майрамдык иш-чарага университеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.
Салтанатта ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев сөз сүйлөп, жамаатты университеттин күнү жана Ата Мекенди коргоочулардын майрамы менен куттуктады. Ошондой эле билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген алдыңкы окутуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Мындан сырткары, ОшТУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагул Тиленбаева майрамдык куттуктоо жолдоп, кесиптик бирликтин фондунан бир катар окутуучулар менен кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Майрамдык кечеде концерттик программа тартууланып, обондуу ырлар, көркөм чыгармалар аткарылды. Университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окутуучуларга, кызматкерлерге жана окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан үлгүлүү студенттерге Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилди.
Иш-чарага ОшТУнун Кесиптик бирлик комитети активдүү колдоо көрсөтүп, баалуу белектерин тапшырды.