Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылы 1907-жылы агрардык реформа жана көчүрүү саясатынын жүрүшүндө негизделген. Айылдын тарыхы жана алгач көчүп келген тургундар тууралуу буга чейин да жазылган.
Бул жолу аймактык кабарчыга Нурманбет айыл өкмөтүнө караштуу Красная-Речка айылындагы №3 китепкананын жетекчисинин милдетин аткаруучу Канкожоева Нурай Муктарбековна айылдагы алгачкы радиоборбордун, бала бакчанын жана почта кызматынын тарыхы тууралуу кыскача маалымат берди.
Анын айтымында, айылдагы биринчи радиоборбор 1938-жылы курулган. Ал учурдагы амбулаториянын жанында жайгашкан борбордук ремонттук мастерскаянын (ЦРМ) имаратында болгон. Алгачкы радиооператор болуп Тихон Васильевич Лукьянов иштеген.
1964-жылы айылдын сырт жагында республикалык маанидеги радио-трансляциялык борбор пайдаланууга берилген. Бул борбор бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.
Бала бакча 1956-жылы борбордук ремонттук мастерскаянын имаратында, тигүү цехинин жанында ачылган. Ал кезде анда 25 бала тарбияланган. 1959-жылы бала бакча башка имаратка көчүрүлүп, анда эки тайпа түзүлүп, жалпысынан 50 бала кабыл алынган. Колхоз түзүлгөндөн кийин балдар аянтчасы уюштурулуп, кийинчерээк экинчи аянтча ачылган. Ал жерде тарбиячылардын көзөмөлүндө 200гө жакын бала болгон.
Октябрь революциясына чейин айылда почта кызматы болгон эмес. Почта райондук конторадан жеткирилип турган. 1924-жылы оорукананын имаратында почта бөлүмү уюштурулган. Ал учурда бүт айылга бир гана почтальон — Пащенко кызмат көрсөткөн. 1939-жылы Октябрь көчөсүндө өзүнчө почта имараты курулган. Ал эми 1960-жылдары айыл тургундары почта аркылуу 250 журналга жана 650гө жакын гезитке жазылышкан.