Turmush — Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация 7-апрелден 12-апрелге чейин Кытайга иш сапары менен барып келди.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, алар Синьцзян педагогикалык университети, Синьцзян билим берүү институту, Гуанчжоу шаар куруу институту, Чжухай шаарындагы жасалма интеллект жаатында иш алып барган Smart Xiaowei technology компаниясы, 2D, 3D принтерлерди чыгарган Zhuhai Print Rite компаниясы, Shenzhen Wangxingke эмеректерди жасоочу компаниясы, медициналык жабдыктарды чыгарган Biolight Medical technology, Shenzhen Edan Medical заводдорунда жана Гуандун провинциясынын Соода-өнөр жай палатасында болушту.
Делегация 7-апрелде Синьцзян педагогикалык университетинде болуп, ОшМУнун Конфуций институтунун башкаруу кеңешининин кезектеги жыйынына катышты. Анда институттун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчету угулуп, кийинки өнүгүү пландарын талкуулашты.
8-апрелде Синьцзян билим берүү институтуна болгон иш сапарда искусство жаатындагы адистерди даярдоо, окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгүн жолго коюу, биргелешкен илим изилдөө долбоорлорун жүргүзүү, мектепке чейинки билим берүү адистерини даярдоочу практикалык лоборатория ачуу, майыптыгы бар балдарды окутуучу педагогдорду даярдоо долбоорлорун талкуулашты.
9-апрелде делегация Чжухай шаарындагы Жасалма интеллект жаатында иш алып барган Smart Xiaowei technology компаниясынын жетекчилиги менен жолугуп, өрт өчүрүү, эшик (домофон), электроэнергияны үнөмдөө, улгайгандарга кам көрүү системаларын ОшМУнун бренди менен Кыргызстанда чогултууну, ОшМУнун IT адистери менен бирге программалык колдонмолоруду иштеп чыгууну сүйлөштү.
Ушул эле күнү принтерге керектелүүчү материалдарды, 2D, 3D принтерлерин чыгарган Zhuhai Print Rite компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ОшМУнун базасында аталган компаниянын продукцияларын чогултуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Медициналык жабдыктарды чыгарган Biolight Medical technology, Shenzhen Edan Medical заводдорунун жетекчилери менен болгон жолугушууда ОшМУнун клиникаларын заманбап медициналык жабдыктар менен жабдуу иштери талкууланды. Бул иштер окуу жай менен биргеликте жүрөт.
Shenzhen Wangxingke компаниясында билим берүү мекемелеринде колдонуучу түрдүү эмеректерди, акылдуу доскаларды ОшМУнун базасында чогултуу долбоору сөз болду.
Иш сапардын соңунда делегация Гуандун провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары менен жолугушту. Анда ректор ОшМУ өзгөчө макам алуу менен салттуу ЖОЖдон «Университет + Өндүрүш» моделине өтүп, окуу жайдын алдында ишканалар ачылып жатканын белгиледи. Ошондой эле Кудайберди Кожобеков өндүрүш жаатында кызматташуу сунушун берди. Тараптар Гуандун провинциясынынын компаниялары Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, палата мындан кийин да ОшМУ менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Ал эми 12-апрелде ОшМУнун жамааты Гуанчжоу шаар куруу интитутунда болушту. Окуу жайдын 16 гектар жерге курулган окуу практикалык базасы, курулуш компанияларынын кызматкерлери, жумушчулардын сертификациядан өтүү тартиби менен таанышты. Жыйындын соңунда ОшМУнун басазасында да ушундай окуу практикалык база куруу сунуштары жана биргеликте адистерди даярдоо маселелери талкууланды.