Turmush — Жакында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган делегация Пакистан мамлекетинде иш сапарында болуп, билим берүү тармагындагы эл аралык тажрыйба менен жеринде таанышып кайтты. Иш сапардын алкагындагы жолугушуулар жана кабыл алынган чечимдер боюнча Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобековду кепке тарттык.
- Кудайберди Гапаралиевич, Пакистан өлкөсүнө министр айым Догдуркүл Шаршеевна баштаган делегациянын курамында сиз да барып келдиңиз. Иш сапардын алкагында кандай жолугушуулар болду?
- Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Шаршеевна баштаган делегациянын катарында биз да Пакистанга иш сапарга барып келдик. Министрибиз Пакистандын Синд провинциясынын губернатору жана жогорку билим берүү министри менен жылуу маанайда жолугушту. Алгач Исламабад шаарындагы эки медициналык университет менен тааныштык. Андан сырткары Пакистандагы медициналык жогорку кесиптик билим берүү кеңеши (PMC) менен жолугуштук. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын өнүгүүсү, чет элдик студенттердин коопсуздугу жана алардын өлкөдө ыңгайлуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.
Министр эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен ишке даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал Пакистан тараптын өкүлдөрүн Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларында чет элдик студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга чакырды.
- Аталган кеңештин өкүлдөрү Кыргызстан тараптын маалыматтарын кандай кабыл алды?
- Албетте, пакистандык студенттер үчүн биздеги шарттарды жылуу кабыл алды. Ошону менен катар Пакистан медициналык билим берүү кеңешине мүчө боло элек Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн кеңештин кызматташуу талаптары жана жаңы кабыл алынган стандарттар боюнча кеңири маалыматтарды беришти. Биз — ректорлор үчүн ар бир университеттин өзүнө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алдык.
- Ош мамлекеттик университети Пакистан менен кызматташуу жаатында бир топ тажрыйбалуу болсо керек. Жогоруда медициналык эки университетке бардык дедиңиз, ошол университеттер менен кайсы багытта кызматташуу жөнүндө сөз болду?
- Туура айтасыз, бул университеттер менен тыгыз кызматташуу боюнча кеңири талкуу өткөрдүк. Академиялык мобилдүүлүк боюнча кантип иштешебиз, профессордук-октуучуларды жана студенттерди канткенде алмашабыз деген суроолорду талкууладык. Өзгөчө бизде окуган пакистандык студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча бул тегеректеги ЖОЖдорго бара албайт. Ошондуктан биз академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ушул университеттерге келип, билим алып кетүүсүн сунуш кылдык. Биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана эки өлкөнүн университеттеринин ортосундагы кесиптик жана илимий өз ара аракеттенүү үчүн жаңы горизонтторду ачууну, ошондой эле PhD-программаларын өнүктүрүүнү макулдаштык.
Аталган университеттердин медициналык клиникалары кыйла жолго коюлуп, кадыресе иштеп жатыптыр. Биздеги чет элдик студенттер көп учурда өз өлкөсүндө практикага чыгууну каалагандыктан, алардын өтүнүчүн орундатуу максатында медициналык клиникаларга практикага жөнөтүүнү сунуштадык. Кесиптештерибиз биздин сунуштарыбызды жылуу кабыл алышты.
- Абдан жакшы болуптур агай. Андан ары сапарыңыздар Ага Хан университетинде уланган экен, ал жерде кандай жаңылыктар болду?
- Сапарыбыз андан ары Пакистандын Карачи шаарындагы Ага Хан университетинде уланды. Бул жерде Ага Хан университетинин бала бакчасы, орто мектеби, Билим берүүнү өнүктүрүү институту жана Медициналык жогорку колледжинин ишмердүүлүгү менен тааныштык. Бул жерде да медициналык кадрларды даярдоо стандарттарын, педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасында педагогикалык билим берүүнү реформалоо, ошондой эле кооперация жана коллаборация мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык.
- Өлкөбүздө жүрүп жаткан билим берүү реформаларынын фонунда бул жолугушуулар абдан пайдалуу болгон турбайбы?
- Ооба, туура белгиледиңиз. Биздеги реформалардын алкагында бул иш сапарыбыздын мааниси абдан терең болду. Анткени, иш сапардын жүрүшүндө 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүдө педагогикалык билим берүүнү реформалоо, педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча талкууларды жүргүздүк. Жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн окутуунун заманбап усулдарын жана технологияларын билим берүү процессине интеграциялоону кеңештик. Ошондой эле, медицина адистерин даярдоонун эл аралык усулдары менен тааныштык. Окуу программаларын, лабораторияларды жана изилдөө долбоорлорун биргеликте ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын медициналык окуу жайларында мыкты практикаларды киргизүүнү пландоого мүмкүндүк алдык.
- Кудайберди Гапаралиевич, жогоруда 12 жылдык билим берүү тууралуу айтып калдыңыз. Мына ушул системаны ишке ашырууда өлкөбүз эмнелерге көңүл бурушу керек экен?
- Министрибиз бардык иш-чараларда өлкөбүздөгү билим берүү системасы, негизги стратегиялык багыттары боюнча маалыматтарды бөлүшүп жатты. Өзгөчө, мектептердин 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткандыгын айтып, бул процессте биз тарапка кандай колдоолорду көрсөтө аларын сунуштады.
Пакистандык кесиптештер өз кезегинде бардык тараптан кызматташууга даяр экендигин билдиришти. Айрыкча, англис тили жана STEM-сабактар боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча өз тажрыйбаларын бөлүшө турган болушту.
- Жеке сиздин баамыңызда Пакистандын билим берүү системасынан эмнени алса болот экен?
- Билим берүүнү өнүктүрүү институтунда бир нерсени байкадык. Министрге ошол байкаган сунуштарыбызды жеринде айтып жаттык.
- Кандай сунуш айттыңыз?
- Мисалы, бизде 12 жылдык билим берүү башталды. Бирок, биздин окуучуларды окута турган мугалимдерибиздин абалы кандай? Мугалимдерди 12 жылдык билим берүүгө кантип даярдайбыз? 12 жылдык системада билим алган окуучулар кайсы жылы мектепти аяктайт? Алар мектепти бүтүп, ЖОЖдорго келгенде университеттер кандай болуп түздөлүш керек? Жана башка ушул суроолордун жообу катары жакшы идея сунуш кылдык. Айталы, 12 жылдыктын 1-бүтүрүүчүлөрү 2028-жылы чыгат экен. Ошол жылдан баштап университеттин педагогикалык багыттагы адистиктерди жаңыча окута башташыбыз керек. Мисалы, буларда педагогикалык адистиктерде окуган программалардын баарында 4 жылдык бакалаврдын ичинде жалпы кесиптик предметтерди гана окутушат экен. Бакалаврды бүткөндөн кийин бир жарым жылдык кошумча программаны биз барган институт окутат экен. Ал институт 1,5 жылдын ичинде студенттерге педагогика, психология, методиканы окутуп, педагогикалык практикасын уюштуруп, андан кийин гана дипломун берип мектепке узатат экен. Балким, биз да мына ушундай система менен мектеп мугалимдеринин сапатын көтөрүп алсак болот.
- 12 жылдыкка өткөндө азыркы предметтерде өзгөрүү болобу?
- Ооба, бир багыттагы предметтер биригип, бир эле мугалим физика, математика, информатиканы айкалыштырып сабак өтө баштайт. Же болбосо биология, химия, географияны бириктирип өтө ала турган мугалимдерди чыгарышыбыз керек болот. Бул багытта сабактарды ирилештирген окуу китептери да чыгат. Бул китептерге мугалимдерди ылайыктоо үчүн үч предметтен тең окуп, үчөөнүн айкалышындагы практикалык тапшырмалардан ийгиликтүү өткөн болушу керек. Үчөөнү бириктирүү үчүн студенттерге 4 жылда тиешелүү предметтер боюнча тереңдетип билим берүү талап кылынат.
- Бул багытта учурда абал кандай?
- Буга чейин кесиптештер “предметтерди бириктирип окутуу такыр мүмкүн эмес” деп айтып келишкен. Бирок, быйылкы кабыл алуудан баштап адистиктерди жаңы программа менен окута баштасак, алар 4 жылдан кийин бакалаврды аяктаганда 12 жылдык окуучулар да мектепти аяктап, университетке келип калышат экен. Биз ошондо 12 жылдыкты бүтүп келген абитуриенттерге толук кандуу даяр болуп калат экенбиз.
- Жогоруда бакалаврдан кийин 1,5 жыл кайра окуйт экен дедиңиз. Бизде деле азыр магистратурада окуп жатышпайбы?
- Туура айтасыз. Бирок, азыркы күндө “4 жылдык бакалаврдан кийин 2 жылдык магистратурада кайсы жөндөм кошулду?” деген суроого так жооп айта албай келебиз. Башкача айтканда, “бакалаврды бүткөн математика мугалими магистратурадан кийин мындан да кыйын жөндөмгө ээ болуп кетти” деп айта албайбыз. Ушундай так эместиктерди эске алып, бакалаврдын деңгээлинде тандап алган предмети боюнча тереңдетип окутсак, андан кийин 1,5 жыл мугалим болом деген бардык предметтердин студенттери үчүн, ошол эле биолог, укук таануучу, тилчи, тарыхчы, математиктерди бир аудиторияга чогултуп, педагогиканы, психологияны тереңдетип окуткан программаны иштеп чыксак деген идея болуп жатат.
- Пакистанда ушундай бекен?
- Ооба, алар 4 жыл тиешелүү предметти гана окутуп, андан кийин гана ошол алган билимин кантип окуучуларга ийгиликтүү жеткирүүнүн методикаларын 1,5 жыл окутат экен.
- Бул демилге демек, мугалимдердин сапатын жакшыртууга салымын кошот турбайбы, мындан башка пайдалуу жактары да барбы?
- Бар. Мисалы 1,5 жылдык окууга педагогикадан башка адистиктер деле, мисалы укук таануучу, же программист адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү деле окуп алса, мектепте иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Учурда мисалы педагогикалык багыттагы адистиктерден башкалар, айталы күчтүү программист болгонуна карабай мектепке барып мугалим болуп иштей албайт. Эгерде 1,5 жылдык курстан методиканы, педагогиканы, психологияны окуп чыкса, аларга да мектепте иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Учурдан пайдаланып дагы бир байкалган нерсени айта кетейин. Бүгүнкү күндө 10 чакты педагогикалык багыттагы адистиктерибиз бар. Алар бакалаврдан башталгыч класстын мугалимин аяктап жатып, же филологияны, же математиканы аяктап жатып, кийинки магистратурасын башка предметтин мугалиминен уланткысы келгендер көп. Алардын максаты түшүнүктүү эле да — бир учурда эки кесиптин ээси болгусу келип жатат. Биздин демилге буюрса мына ушул көйгөйдү да чечет деген ойдомун.
- Пакистанда магистратура бар бекен?
- Алар да билим берүү менеджменти деген 2 жылдык магистратурасы бар экен. 1,5 жыл педагогика менен психологияны окутуп, жарым жыл менеджерлик компетенцияларды тереңдетип үйрөтөт экен. Ошол жерден билим алып чыккандар гана мектептердин директору, завучу болуп жетекчилик кызматтарда эмгектенишет экен.
- Коомчулукта “эми биз мугалим болуш үчүн 4 жыл бакалаврда, 1,5 жыл магистратурада, жалпы 5,5 жыл окушубуз керекпи?” деген нараазычылыктар болушу мүмкүн го?
- Мындай суроо болушу толук ыктымал. Бирок биз мектептерге сапаттуу кадрларды даярдашыбыз керек болуп жатат. Мугалимдердин сапатынан көп маселелер көз каранды экенин баарыбыз эле билип калдык. Мамлекет өз кезегинде мугалимдердин айлыктарын жогорулатып, педагогикалык багытта окуган студенттердин стипендиясын көтөрүп жатат. Ошол эле учурда көп тилде билим бере алган мугалимдерге суроо-талап пайда боло баштады.
Мына ушундай учурдун талаптарына жооп бере алган мугалимдерди даярдаш үчүн биз чечкиндүү кадамга барышыбыз керек болуп жатат. Пакистандын модели бул жагынан бизге үлгү болуп атат. Жакында министрлик тарабынан республикалык масштабда талкуу уюштурулат экен, буюрса ошол жерде бул демилгебиз боюнча презентация менен чыгабыз. Ошол жерде кеңири талкуулап, академиялык чөйрөнүн корифейлери менен кеңешип, андан кийин гана бир чечимге келебиз.
- Ош мамлекеттик университетинде өзгөчө макамы бар го, бул демилгени өз алдынча ишке ашыра берсе болбойбу?
- Биз бул боюнча университетибизде аракеттерди баштадык. Өткөндө чогулушта бардык институт, факультеттердин жетекчилерине идеяны айттым. “Бул боюнча сунуштарды бергиле” деген тапшырманы койдум. Буюрса жазга чейин талкуулап, ОшМУда пилоттон өткөрсөк болот. Бирок бир гана нерсе бар, “Билим берүү” мыйзамында бакалаврды бүткөндөр мектепте иштей алат деген норманы карап чыгышыбыз керек. Министрлик колдоого алып, Жогорку Кеңеш мына ушул нормага өзгөртүү киргизип берсе, бул демилгени ишке ашырууга бизде мүмкүнчүлүк бар.
- Бул эми мектептеги 12 жылдык билим берүүгө карата университеттин даярдыгы турбайбы, менимче коомчулук деле колдосо керек?
- Туура белгиледиңиз, “12 жылдык билим берүүгө университеттер кантип ылайыкташып жатат?”, “кандай чечимдерди кабыл алып жатат?” деген суроолор көп берилип жатат. Айрымдар толук түшүнүп-түшүнбөй эле 12 жылдык билим берүү боюнча сөз сүйлөп жатат. Биз бир нерсени так билип алышыбыз керек, дүйнө учурда бир үй-бүлөгө айланып калды. Мурда СССР деген мамлекетке ылайыктуу кадр чыгарсак жетиштүү болчу, азыркы күндө дүйнөнүн кайсы гана жерине барбасын, ошол жерде окуп, иштеп кетүүгө жарамдуу кадрларды чыгарышыбыз керек болуп жатат. Учурда өлкөбүздө жүрүп жаткан билим берүү реформаларынын башкы максаты мына ушунда — мезгил талабын аткаруу үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга туура келүүдө.
- Өлкөбүздө жүрүп жаткан билим берүү реформалары боюнча министр айым баяндамаларды жасаган экен, пакистандык агартуучулар кандай кабыл алды?
- Ооба, Пакистан эки жүз кырк миллион калкы бар чоң мамлекет. Ооба, аларда деле билим берүү тармагында көйгөйлөрү бар. Бирок, биз азыркы күндө баштап жаткан реформаларды ишке ашырууда Пакистандын тажрыйбасын да эске алышыбыз керек. Бизде башталган демилгелерди алар “туура кадам баштапсыңар” деп мүнөздөштү.
- Эл аралык коомчулук биздеги реформаларды “туура кадам” деп баалап жатканына карабастан эл арасында айрым терс кабыл алгандар да болуп жатат. Сиз сарсанаа болуп жаткан мекендештерге кандай кеңеш берет элеңиз?
- Албетте, билим-тарбия маселесине кайдыгер карабаган ар бир жаранга ыраазычылык билдиришибиз керек. Бирок, кээде “билим берүүдө тез эле “коммунизмди” куруп койсо болбойбу?” дегендей көз караштарды укканда таң калат экенсиң. Билим берүү тармагына мындай жеңил карабашыбыз керек. Башталган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, колдон келсе колдоо көрсөтөлү. Мындый учурда финдерден үлгү алышыбыз керек го. Мамлекеттин түрдүү тармагы боюнча талкуу болгондо ар ким ар башкача оюн айтышы мүмкүн экен, бирок билим берүү темасына келгенде баары бир пикирге келип, бир багытка карай умтулган экен. Биз да мына ушундай абалда турабыз. Билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда коомчулук “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” жапа тырмак аракет жасашыбыз керек. Ошондо гана билимдүү, прогрессивдүү жаңы муун өсүп чыгып, жасалган иштердин жыйынтыгы көрүнө баштайт.
- Кудайберди Гапаралиевич, жакшы идеяларга бел байлап турат экенсиз, жараткан колдоп, ишке ашып кетсин. Бизге убакыт бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз.