Turmush — 2025-жылдын 20-январынан 24-январына чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жана кызматкерлеринин курамдарынын арасында спорттун алты түрү боюнча спартакиада болуп өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, спорттук мелдеште Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринен, колледждерден жана административдик чарбалык бөлүмдөрдүн курама жааттарынын командалары спорттук беттештерди өткөрүштү. 24-аянварь күнү спартакиада жыйынтыкталып, спорттун 6 түрү боюнча 1-2-3-орунду алган командалар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жалпы командалык эсепте 1- орунду кесиптик колледждин, 2-орунду медициналык колледждин, 3-орунду гуманитардык педагогикалык факультетинин жамааты багындырды. Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков спорттун волейбол, стол үстүндө теннис түрлөрү боюнча оюндарга катышып, жалпы жамаатты сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үндөдү.
Жалпы жамааттын ден соолугун чыңдоо менен бирге ынтымагын, достугун арттырууга арналган спорттук иш-чарага университеттин жетекчилиги 200 миңдин тегерегинде, ал эми бириккен профсоюз уюму 50 миңге жакын акча каражатын бөлүп берди.