Turmush — Ош технологиялык университетинин табигый техникалык факультети тарабынан «Бала жылмайса, аалам жылмаят» аттуу кайрымдуулук акциясы уюштурулду.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, акцияда Ош шаарындагы «Алтын уя» балдар үйүнө барып, балдарга арналган белектерин тапшырып, алар менен чогуу кызыктуу оюндарды ойношту.
Акцияга университет тарабынан жардам көрсөтүлдү. Факультет бул акцияга жардам берген жана активдүү катышкан мугалимдерге, студенттерге, окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдирди.