Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланды.
Ош шаарынын социалдык-экономикалык, маданий, коомдук тармактарын өнүктүрүүдө өзүнүн күжүрмөн эмгекчилдигин көрсөтүп, ак ниет эмгеги, жигердүү ишмердиги жана мыкты иш алып баргандыгы үчүн 2023-жылдын жыйынтыгына карата гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Бегимай Надилбек кызы, архитектура дизайн жана графика кафедрасынын ага окутуучусу Абдимомунова Гүлбара Осорбаевна сыйлык алды.