Turmush — «Жылдызстан» коомдук-саясий журналынын «Жыл тандоо-2023» тандоосунун негизинде Ош технологиялык университети «Жылдын мыкты окуу жайы» номинациясы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Салтанат 2023-жылдын жыйынтыгына карата уюштурулуп, анда өткөн жыл ичинде мыкты иш алып барган мекеме-ишканалар атайын сыйлыктарга ээ болушту.
«Ош технологиялык университети бүгүнкү күндө инженердик-технологиялык багытта билим берген эң алдыңкы окуу жай. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жогорку деңгээлде чыңалып, билим алууга бардык шарттар түзүлүп, студенттер үчүн эл аралык стандарттагы сапаттуу билим берилет», - деп айтылат маалыматта.