Turmush — Ош шаарында филология илимдеринин доктору, профессор Элчиев Жаанбай Элчиевич дүйнө салды. Ал кечээ, 30-октябрда каза болгонун Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Жаанбай Элчиев 1957-жылы 15-январда Ош облусунун Алай районуна караштуу Таргалак айылында туулган.
Ал Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу болуп иштеп жаткан. Ж.Элчиев төрт окуу-усулдук колдонмонун, эки илимий монографиянын, элүүдөн ашуун илимий макаланын автору.