Turmush — Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жөө жүрүшкө Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев баштаган жалпы жамааты да катышты.
Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү.
Кыргыз Республикасында 1-май Эмгек кодексине ылайык, расмий эс алуу күнү болуп саналат. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү Совет доорунан бери белгиленип келет. Бүгүнкү күндө майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.