Turmush — Ош технологиялык университетинин жамааты жана студенттери жалпы ишембиликке катышып, университет жайгашкан жайдан тартып, Озгур айылына чейинки аймакты тазалашты.
Бул аралыктагы чоң жолдун боюндагы, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги ташталган таштандыларды чыгарып, бак-дарактардын куурап калган бутактарын кыркып, курт-кумурскалардан коргоочу каражаттар менен акташты.
Окуу жайдын жамааты жана студенттери бул сыяктуу иш-чарага ар дайым активдүү катышып келет.