Turmush — Бүгүн, 6-апрелде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ден соолук күнүнө арнаган массалык түрдө спорттук көнүгүү жасоо саамалыгы өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш-чара 6-апрель — дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин жана 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер активдүү катышты.
Саамалык окуу жайдын башкы корпусунда жана колледжинде өз алдынча уюштурулуп, мында катышуучулар эртең менен жумуш башталганга чейин 30 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөрдү жасашты.
Иш-чара окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.