Turmush — Бүгүн, 8-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» аталышындагы жолугушуу өттү.
Иш-чара президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жарыяланган «Коркпо, токто, жаша» деген өнөктүктүн алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин адистери, окутуучулар жана студенттер катышты.
Жолугушууда алгач ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев сөзгө чыгып, өлкөдө болуп жаткан зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, аларды алдын алууга, жоюуга болгон иш аракеттерге токтолушту. Ошондой эле ИИМдин алдындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу, милициянын майору Лилия Хафизова, «Эрдем» мечитинин баш имам хатиби Мунарбек Акматов, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зулпукар уулу Чыңгыз, ОшМПУнун «Психо-диагностика» борборунун башчысы Мавлюда Ысакова аталган теманын алкагында өз тармактары боюнча баяндамаларын жасап, видеотасмалар көрсөтүлдү.
Иш-чара суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолуп, студенттер бир нече орчундуу пикирлерин ортого салышты. Жыйынтыгында адистер жана жетекчилик ар бир суроого жоопторун беришип, мындан ары да бул сыяктуу өнөктүктөр тынымсыз уюштуруларын белгилешти.