Turmush — Ош шаарынын тургуну Хамидулла Зуминов 5 жылдан бери жүгөн кооздоо иштери менен алектенет. Ал жүгөндөрдү ар кандай материалдар менен кооздойт. Turmush басылмасынын кабарчысы өнөр ээси менен таанышты.
- Жүгөн — ат жабдыктарынын бири.
Анын айтымында, бул иш менен бош убакта гана алек. Бир айдын аралыгында бир жүгөндү кооздоп бүтөт.
«15 жыл мурун кооздолгон жүгөндөр түшүмө кире берди. 5 жыл мурун аларды кантип жасаса болбосун деп, жүгөндөрдү кооздоону баштагам. Бүгүнкү күнгө чейин 28 жүгөн кооздодум. Бул менин негизги ишим болбогондуктан бош убактарымда гана кооздоо, тигүү иштерин жасайм», - деди ал.
Каарманыбыз бул ишти жаңы баштаган учурда бир жүгөндү кооздоо үчүн 3 ай убактысын коротчу. Учурда тажрыйба топтоду.
«Башында жүгөндү кооздоо иштерине 3 ай убактымды сарптачумун. Эми бул майда иш. Абдан дыкааттык менен тигип, жасалгаларды тигип чыкпасаң окшобой калат. Бара-бара тажрыйба топтодум. Учурда бош убактымда 1 ай дегенде бир жүгөндү даярдайм», - деди ал.
Хамидулла Зуминов жүгөндү жана аны кооздоого керектелүүчү материалдарды базардан сатып алат.
«Мен өзүм жүгөн жасабайм. Даяр жүгөндү базардан сатып алып, аны жасалгалоого керек боло турган буюмдарды базардан издеп табам. Бош убакыт боло калганда эле отуруп, жүгөндүн түсүнө жараша жиптерди алып, аярлоо менен акырын тигип баштайм. Анткени бул өтө кылдаттыкты талап кылган иш. Майда-чүйдөсүнө чейин маани берип жасабасаң, кооздолуп жаткан буюмдар жүгөнгө жакшы жарашпай, башка көрүнүштү берип калышы ыктымал», - деди ал.
Ал кооздогон жүгөндөрү үчүн атайын көргөзмө аянтчасын ачууну пландап жатат.
«Жүгөндөрүм үчүн музей ачууну пландап жатам. Албетте, бул эмгектердин да көрөрмандары бар болсо керек», - деди ал.
Хамидулла Зуминов учурда 49 жашта. Ал бир кыз жана бир уулдун атасы. Ошондой эле 6 небереси бар.