Turmush — Аялдардын кош бойлуулугу таксикоз, депрессия, аз кандуулук (анемия) сыяктуу бир катар кыйынчылыктар менен коштолот. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар кош бойлуу убагында эки эсе кыйынчылыкка кабылышат. Себеби аларга салкын мамиле жасаларын айтышат. Ошондой эле алар үчүн төрөтканаларда атайын шарттар каралган эмес.
Ош шаарынын тургуну Зиягүл Исмаилованын кызы 6,5 жашта. Ал кош бойлуу мезгилинде мамлекеттик бейтапканада каттоого алышкан эмес. Ошондуктан 8 миң сом төлөп, жеке менчик клиникага каттоого турган.
«Жеке өзүмдү айтсам, мени мамлекеттик бейтапканага каттоого албай коюшкан. "Биз кепилдик бере албайбыз, карай албайбыз" дешкен. Ошондуктан жеке менчик клиникага баргам. Жеке менчик клиникаларда майыптарга, пенсионерлерге жеңилдик деген түшүнүк жок. Анализдерге, төрөткөнүнө өзүнчө акча төлөгөм. Мамлекеттик ооруканаларда негизи эле бизге болгон мамиле салкын. Кош көңүл, таң калуу менен карашат. Менчик клиникада акча төлөнгөнү үчүн мамиле бир аз башка. Ошондо деле ал клиникадагы дарыгерлер "биздин практикада майып аялдардын төрөтү боло элек, кыйналасыз" дегендей пикирлерди айтышты. Бир гана дарыгер "майыптан майып төрөлөт деген нерсе жок, өз көзөмөлүмө алам" деп жоопкерчиликти өзүнө алды», - деди Исмаилова.
Биринчи топтогу майып Перизат Раеванын белинен ылдый жагы жакшы иштебейт. Буга карабастан эки баланын апасы болду. Эки баланы тең операция жолу менен төрөгөн. Ал гинеколог жакшы кеңешин берип, жакындары колдогон үчүн төрөгөнүн айтат.
«2015-жылы студент кезде балдар үйүнө тайпалаштарым менен кайрымдуулук иш боюнча барганбыз. Ошону менен кошо кантип бала багып алса болорун сурайын деп баргам. Сурасам, атасы жок болуп калат, ижарадагы үйдө жашаса болбойт, өзүнүн үйү болуш керек деген бир катар талаптар бар экен. Ал шарттар мага туура келбей калды. Өзүбүздүн кварталдагы гинекологго кайрылып, кеңеш сурасам, "айызың нормада келсе, төрөсөң болот" деп жылуу сөзүн айткандан кийин үмүт пайда болуп калды. Жакындарым дагы "карыганда балдарың карайт, төрөп ал" дешсе, апам да "мен өмүр бою жаныңда болбойм, төрөп, өзүңө шарт түзүп ал" деди.
Төрөтканалардын сырткы, ички шарттары майыптарга туура келбейт. Пандус жоктугунан мени каталкага салып, көтөрүп чыгышкан. Туугандарым дарыгер болгондуктан акча жагынан кыйналган жокмун. Апам карап жатты. Алты саны аман аялдар операция жолу менен төрөгөндөн кийин 2-3 күн жатса, мен 1 жума жаткам. Апам мени карап чоңойткону аз келгенсип, баламды да чоңойтуп берди. Учурда улуу кызым 5 жашка чыкты. Экинчи кош бойлуулукта бир аз чочуладым. Дарыгерлер төрөөгө уруксат бербей койсочу, жакындарымды да түйшүккө салып коембу деген ойлор болду. Аны да операция менен төрөп, апам 2,5 жашка чейин чоңойтуп берди»,- дейт Перизат Раева.
Ош шаарындагы акушер-гинекологдордун бири Кишимжан Мурзакулова ар бир айым өмүрүнө коркунуч жаралбаса, эне болууга укугу бар экенин, дарыгердин ишеними аларга күч берерин айтты.
«30 жылдык практикамда майыптыгы бар, оор ооруга чалдыккандарга кеңешимди айтып, көзөмөлгө алып, төрөтүп алган учурлар бар. Эпилепция, кургак учук, цирроз, көкүрөк рагына кабылган аялдар деле төрөп алышкан. Негизи баарына эле төрөөнү сунуш кылам. Мындан 20 жыл мурда жетекчилик тараптан "жоопкерчиликти эмнеге мойнуңа алып жатасың, өзүң жооп бересиң" деген кысымдар болгон. Бирок "алсаңар жумушумду аласыңар, бирок дипломумду тартып ала албайсыңар. Үйдө отуруп деле кеңеш берип, төрөтүп алам" дечүмүн. Бүгүнкү күндө медицина өнүктү, абал башка.
Мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар алгач дарыгерден, гинекологдон кеңеш алып туруп, пландап, кош бойлуу болсо өзүнө жакшы. Психо-неврологиялык оорусу барлар генетиктер, бел-бутунда маселеси барларга травматологдор менен кеңешүүнү сунуштайм. Ошондой эле гинекологдон да сөзсүз кеңеш алуу керек. Эгер каралаша турган жакындары болсо, ар бир аял эне болууга акылуу. Дарыгер 9 ай мурда эле текшербей туруп, коркуп, "төрөгөнгө болбойт" деп өмүр бою тукумсуз калтырууга болбойт. Мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарга дарыгердин ишеними, жакшы сөзү эле канат байлайт. Акча деле кээде роль ойнобой калат», -дейт К.Мурзакулова.
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын сапат экспертиза бөлүмүнүн башчысы Гузел Казакова чындыгында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын даараткана, жуунучу жай, пандустар каралбаганын айтат.
«Негизи эле жалпы кош бойлуу аялдарга каттоодон тургандан баштап төрөп, баласы 2 ай болгонго чейин медициналык кызматтардын түрү акысыз көрсөтүлөт. Ал эми пандустар шаардык төрөткана, ооруканаларда коюлган. Мүмкүн райондук ооруканаларда жоктур. Ал эми атайын мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн даараткана, жуунучу жайлар каралган эмес», - деди ал.