Turmush — 17-июнда Ош шаарындагы Алымбек Датка эс алуу жайында Beeline компаниясы жаш таланттарды, CURLTAI ырчыларын колдоп, атайын концерт уюштуруп беришти.
Шаар тургундары үчүн Тамга жана Jax 02.14 ырчылары ырдашты. Концерттин коноктору да сахнага чыгып, музыкалык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Буга чейин Beeline компаниясы социалдык тармактарда сурамжылоо жүргүзүп, каалоочуларга сахнада ырдоого шарт түзүп берүүнү жарыялашкан. Анын негизинде катышууну каалаган 50 адамды тандап алып, аларга жаш таланттарга платформа түзүп берүү максатында эркин аянтча уюштуруп беришти. Бул демилге жаш таланттарды колдоо, эл алдына чыгаруу максатында уюштурулган. Буга чейин Бишкекте болуп өткөн.
«Beeline — бул сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн үй-бүлөлүк оператор. Биз абоненттерибизге кам көрүү менен алардын жашоосун жакшыртууга дайыма умтулабыз. Биз жаштарды, алардын идеяларын колдоого жана таланттарын өнүктүрүүгө жардам берүүгө аракет кылабыз. Бул аянтча көптөгөн адамдар үчүн ачылып, өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө сонун мүмкүнчүлүк. Биз абоненттерибизге кам көрүп, алар үчүн күн сайын жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга аракет кылабыз», - деди Beeline компаниясынын Оштогу жетекчиси Кубанычбек Усманов.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыскача суроо-жооп сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр Beeline компаниясынан суу куйгуч бөтөлкөлөр жана жеңил пледдерди алды. Концертке келгендердин саны 200 адамдан ашты.
Beeline — бул ата мекендик маданиятты, искусствону жана музыканы өнүктүрүүгө көмөктөшкөн жана инвестициялаган, ошондой эле жаштардын келечегине кам көргөн жана салым кошкон социалдык жооптуу компания.
Beeline — сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр!