Turmush — Бүгүн, 8-октябрда мектептердин, жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдерине майрамдык иш-чара уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.
Иш-чарага тиешелүү жетекчилер жана жогорку окуу жайлардын ректорлору, мугалимдер катышты. Анын жүрүшүндө билим берүү тармагында эмгектенген 30 кызматкерге ардак баракча жана баалуу белек тапшырылды. Мындан сырткары билим берүүнүн ардагерлерине да белектер берилди.
Ош шаарында жана республикада өткөн «Жылдын мыкты мугалими» сынагында 1-орунду алган Илгиз Шамурзаев жана Маргарита Нагаевага 50 миң сомдон акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары жогоруда аталган эки мугалимге Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 30 миң сом акчалай сыйлык берилди.