Turmush — Бүгүн, 26-июлда АКИпресс-Ошто Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылынын тургундары 17-июлда сабалган эки жарандын ишин адилеттүү тергөөнү талап кылып, маалымат жыйын уюштурушту.
Алардын айтымында, кечки саат 22:00 чамасында Чыңгыз жана Илгиз аттуу балдарды Кочкор-Ата айылынан 40 чакырым алыстагы Жылышма деген жайлоодогу чатырда жаткан жеринен топ балдар атка сүйрөтүп, ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен экөө тең ооруканада оор абалда жатышат.
Сабалган балдардын атасы Базарбай Батыров буларга токтолду: «Мен президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам. 17-июль күнү кечки саат 22:00 чамасында топ балдар балдарымды сабап кетишкен. Сабагандар 10-15 чакты бала болгон. Атка сүйрөтүп, ур-токмокко алып, муунтуп, тепкилешкен. Азыр эки уулум тең Ош облустук ооруканасында жатышат. Бир уулум эс-учун билбей жатат. Бирөөсү бетинен жаракат алган. Ошондуктан урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизден адилеттүүлүктү күтөбүз».
Аталган жарандардын апасы Гүлсүнай Молдобаева окуяны төмөндөгүдөй сүрөттөдү.
«Бир балам сүйлөй албай калган. Бир баламды эс-учун билбей калган абалда ооруканага жеткирип барганбыз. Булар мурун да башка жарандарды сабашкан. Бул биринчиси эмес. Азыр эми бир балам өзүнүн балдарын тааныбай жатат. Бир балам такыр эле эсине келбей жатат. Ошондуктан бул ишти адилеттүү тергеп бериңиздер, жазасын алсын», - деди Молдобаева.
Эс-учун билбей жаткан Чыңгыз Базарбай уулун топ балдар аёосуз сабаганын жубайы Гилзирек Нематулла кызы айтты.
«Булар өлтүрөбүз деп эле барышкан да. Балта менен сабап, атка сүйрөткөн», - деди ал.
Маалымат жыйынга келгендер бул ишти Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ыргал Кадыралиеванын жакындары жасаганын айтышты.
Ал эми Кадыралиева конфликтке барган тараптарга тиешеси жоктугун айтып, милициянын ишине кийлигишпегенин белгиледи.
«Окуя боюнча толук кабарым жок. Анткени Бишкекте жашайм. Маалымат жыйын кыска болсо да көрдүм. Ош шаарында жашасам же Ошто болсом, эки жакты тең сурамакмын. Тилекке каршы, бир тараптагы балдар менин туугандарымдын балдары экен. 2002-2003-2006-жылдары туулган балдар экен. Берки тарап 1986-1987-жылдары туулган балдар экен. Ошол эки тараптын ортосунда конфликт болуптур. Конфликт учурунда эки тарап тең бирдей жабыр тартыптыр. Ошол үчүн милиция тарабынан калыс каралышы керек. Азырынча эки тарап тең ооруканада экен. Ден соолуктарын чыңдагандан кийин эки тарап тең суралып, эки тараптын тең күнөөсү аныкталып, бирдей жаза алат деп ишенем. Конфликтке катышкан балдар Кадыралиевдер эмес, менин туугандарымдын балдары. Уланбек уулу, Кармышаков дегендер. Анан «Кадыралиев тигиндей» деген сөз эмоция учурунда айтылып жатат деп ойлойм. «Булар көп жылдан бери бизди кордойт» дегени туура эмес. Булар бир аз эмоцияга алдырып сүйлөп жатышат. Анан милицияга барып, аларды жакалаган менин колумдан келбейт. Азыр эки жактын тең балдары тирүү калса экен деп тиленип турам.
Канжар акем, мен Бишкекте турабыз. Бул ишке такыр тиешебиз жок. Конфликтке барган тараптарга эч кандай тиешебиз жок. Алардын өздөрүнүн ата-энеси бар. Экинчиден, «20 бала келип, менин баламды урган» деп жатышпайбы. Калган 17 бала каякта? Эртең бул сөзү үчүн өкүнүп калышат. Себеби эмоция менен айтып коюшту», - деди Кадыралиева.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 18-июль күнү Ош ОИИБге Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну Б.Б. арыз менен кайрылган. Ал 17-июлда саат 21:30 чамасында балдары — 28 жаштагы Б. уулу И., 32 жаштагы Б.Ч., жана 33 жаштагы күйөө баласы М.А.ны Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жайылма жайлоосунда У. уулу А. аттуу адам достору менен сабап кеткенин билдирген.
«Мындан сырткары 18-июль күнү Куршаб айылынын 20 жаштагы тургуну К.А. Өзгөн РИИБге арыз жазган. Ал 17-июль күнү саат 21:00 чамасында Жайылма жайытында аны жана инилери — 19 жаштагы С.Ж., 16 жаштагы К.М.ди Кремль айылынын тургундары Ч.И. жана А. аттуу балдар уруп, жаракат келтиргенин билдирген. Жогорудагы факт Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган», - деп айтылат маалыматта.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундуларына ылайык, Б. уулу И. менен Б.Ч. денелеринен оор жаракат алышкан. Ал эми М.А. ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракатын алгандыгы аныкталган.
23-июль күнү сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 2-бөлүмү менен квалификацияланып өзгөртүлгөн.
23-июль күнү эки шектүүгө — 2002-жылы туулган С.Ж. менен 2001-жылы туулган К.А.га кабарлама берилип, бөгөт коюу чарасы Өзгөн райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан камакка алуу түрү тандалып алынган. Бирок балдар ооруканада болгондуктан камакка алына элек.