Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 05.06.2019 21:04 На русском

Ошто курбуларды бычактаган жаш кыз камакка алынды: Сурак берген күбө эмне деди?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 3 кызды бычактаган 20 жаштагы кыз 48 саатка камалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү — Сузак районунун 1999-жылы тургуну К.Ж. Ош шаардык сотунун чечими менен 48 саатка камакка алынды. Ал учурда Ош шаарында жашайт.

Ошондой эле бычакталган кыздардын курбусу — окуяга күбө болгон кыздын апасы үн катты. Анын айтымында, кызы Ош ШИИБде күбө катары сурак берип жатат. Кызы окуя болгон күнү «туулган күнгө кеттим» деп үйүнөн кечке маал чыгып кеткен.

Күбө катары суралып жаткан кыздын апасы: «Кызым кечээ, кечке маал "курбумдун туулган күнүнө кафеге барам. Түнкү саат он экилерде келип калам" деп кеткен. Түнкү саат он бирден баштап ага чала баштадым. 24:00-01:00дө чалдым, телефону өчүк болуп жатты. Ошентип уктабай, кызыма таң атканча чалып чыктым. Эртең менен да чалып, байланыша албай койдум. Саат 11де кызым башка номур менен чалып калды. "Апа, паспортумду милицияга алып келип бериңизчи" деди. "Эмне болду?" десем, кыздар менен уруша кетип, жанымдагы курбуларымды бычактап салышты" деди. Айткан нерселерин алып, Ош ШИИБге бардым.

Кызымдын айтымында, 1 кыз үч кызды бычактап коюптур. Алгач Н. аттуу кыз "кафеде отуруп, телефондон бирөө менен урушуп жаткан" дейт. Андан кийин ал "жолугуп, сүйлөшөбүз" дегенби, "мен барам" дептир. Өзүн жалгыз жөнөтпөйлү деп кафедеги кыздар курбусун ээрчип алышыптыр. Ошол кыз (телефон менен сүйлөшкөн) жашаган жакка барышкан го... Үйүнөн чыкканда эле бычак ала чыгыптыр. Алгач телефондон урушкан кыздын көкүрөгүнө сайып жибериптир. Андан кийин бычакты бирөөсүнүн балтырына сайыптыр. Ал бутун кармап жыгылганда, бирөөсүн 50 метрдей кубалап барып, качып бараткан кыз жыгылып калганда анын санына сайып салыптыр. Санына бычак сайылган кыздын тамыры кесилип кеткенби "кан оргуштап агып жатты" дейт кызым. Жаракатын колу менен басып, токтотконго аракет кылыптыр.

"Силерди ким көрдү?" деп сурасам, "ошол жерде таштанды жыйнап жүргөн «Тазалыктын» эки кызматкери жүргөн, ошолор көрдү. Байкелер, жардам берип коюңуздар, тез жардам чакырыңыздар десем, таштанды жыйнап, эч нерсе кылбай кетип калышты" деди. Ошол эки киши баарын көрүптүр. Милиция чакырып коюшпаптыр. "Койгула" деп коюшса болмок. Үч кыздан тышкары дагы төрт кыз бар болчу экен, алар качып кетиптир. Кызым бычак сайылган кыздарга жардам берип, такси келгенче бир кыздын жаракатын кармап отуруптур. Жыгылып түшкөн кыздын башын көтөрүп, жардам бериптир. Телефондон урушуп, кафеден (бычактаган кызга) барган кыз 23 жашта экен. Калганы 2000-жылы, бирөө 1996-жылы туулган кыздар экен. Мен 23 жаштагы кызды "сен баарынан улуу экенсиң. Ушуларга баш-көз болуп, тыйып отурбайсыңбы" деп аябай уруштум. Азыр бул жерде бирөөсүнүн байкеси жүрөт. Бирөөсүнө ата-энеңди чакыр десем, "жок, чакырбайм. Өзүм эле бүтүрөм" дейт. Бычакталган кыздарга "арыз жазасыңарбы?" дешсе, "жок, жазбайбыз" дептир. Азыр бычак сайган кыз бычакталган кыздардын үстүнөн "мени 10 чакты кыз чачымдан сүйрөп, сабап кетти. Өзүмдү коргоо үчүн ушундай кадамга бардым" деп арыз жазыптыр. Бирок ал кыз үйүнөн чыкканда эле бычак ала чыгыптыр», - деди.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында 3 жаш кыз бычакталып, ооруканага түшкөнүн жазган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, аталган 3 кыз таңкы саат 5:00 чамасында ооруканага жеткирилген. Алар 1996-жылы, 1999-жылы жана 2000-жылы туулган кыздар экени белгилүү болду. Алардын ичинен экөөнүн жоон санына бычак сайылса, бирөөсү көкүрөк тушка бычакталган. 2 кызга операция жасалса, көкүрөк тушу жабыркаган кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын 1996-2003-жылдары туулган тургундары шаардагы кафелердин биринде түнкү саат 3:30га чейин курбусунун өтүп кеткен туулган күнүн белгилеп жатышкан (курбусунун туулган күнү 1-июнда болчу). Айрымдары спирт ичимдиктерин ичишкен. Ошол учурда 1996-жылы туулган кызга курбусу телефон чалып, тынчын алган. Анткени алар башка жакка барууну пландап коюшкан. Бирок 1996-жылы туулган кыз эч жакка барбай, кафеде отуруп алган. Анын кесепетинен өз ара кайым айтышуу болуп, кафеде отурган 8 кыз телефон чалган кыздын үйүнө такси жалдап барышкан. 8 кыз телефон чалган кыздын (1999-жылы туулган) үйүнө барганда мушташ чыккан. Жабыркагандардын өмүрү коркунучта эмес.

Нож, изъятый в ОшеКурбулар жаракат алган бычак

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык фактысы боюнча катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалымат катары:

Ош шаарында 30-май күнү 8-класстын окуучусу бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Андан сырткары Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, соңку эки айдын ичинде кыз-келиндер арасында бычак менен денеге атайын жаракат келтирүү же бычак менен адам өлтүрүү фактысы боюнча 3 окуя катталган. Бул окуя төртүнчүсү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×