Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 06.05.2019 13:04

Видео — Алайда сабалган 3 майып жигиттин ата-энеси жана жакындары митингге чыгышты

Ош шаарынын борбордук аянты
Ош шаарынын борбордук аянты

Turmush -  Бүгүн, 6-май күнү «жаш балдарды уурдаганы келишкен» деп Алайда сабалган 3 майып жигиттин ата-энелери, достору жана туугандары Ош шаарынын борбордук аянтына тынчтык митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Митингге 60тан ашуун адам катышып, алар коомчулукка «З дудук жигит Алайга бала уурдаганы келген» деген маалымат жалган экенин билдирүү үчүн чогулушкан. Ошондой эле алар 3 дудук жигитти ур-тепкиге алгандарды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылууда.

Ата-энелердин бири Чолпон Абдрахманова балдары өлкөгө уят болгонун, окуя тууралуу маалыматтар бир тараптуу берилип, күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылбай жатканына нааразы экенин айтты.

«Окуя апрелдин аягында болгон. Учурда ур-тепкиге алынган балдардын бири ооруканада жатат. Калган 2 баланын бирөөсүнүн башы ооруп жатат. Бирок дарыгерлер аны ооруканага жаткырбай коюшту. Балдарды сабагандар мыйзам чегинде жоопко тартылсын», - деди Ч.Абдрахманова.

Ошондой эле дудук балдардын мугалими болгон Сайрагүл Самибаева 3 майып жигит Алайга орозо айынын календарын сатуу үчүн барганын, бирок айрым тургундар аларды ур-токмокко алышып, интернетке туура эмес маалымат жайылтышканын билдирди.

Учурда туура эмес маалымат таркаткан жарандардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

«Аталган окуя боюнча Алай РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) жана 344-беренесинин (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган», - деди ал.

-----------------------------------

Окуя тууралуу:

Буга чейин Turmush басылмасы интернетке белгисиз 3 жигит «жаш балдарды уурдаганга даярданып жаткан жеринен кармалды» деген видео тараганын жазган. Ал видеодон жергиликтүү тургундар үч дудук жигитти чөнтөк телефонго видеого тартышып, милицияга кайрылып жатышканын көрүүгө болот.

Аталган видео Ош облусунун Алай районунун Корул айылында тартылганы белгилүү болгон. Корул айылдык кеңешинин депутаты Санатбек Зарипбек уулу айылда аталган 3 жигит жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жатканын аймактык кабарчыга билдирген.

«Окуя апрель айынын аягында болгон. Айылда "3 белгисиз адам балдарды уурдаганы жатат" деген маалымат тараган. Ал окуя боюнча учурда милиция текшерүү жүргүзүп жатат. Айрымдар 3 бала дудук экен десе, айрымдары алардын сүйлөгөнүн укканын айтып жатышат. Буга чейин "балдарды уурдап жатат" деген маалымат тарагандыктан, балдар мектепке баруудан кооптонуп калышкан», - деген ал.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 3 жигит тарабынан бала урдоого эч кандай аракет болбогонун айткан.

«Видео 2019-жылдын 28-апрелинде тартылыптыр. "Бала уурдаганы жатат" делген 3 бала 1994-жылы туулган балдар экен. Алардын экөө Ноокат районунун, бири Алай районунун тургуну. Алар чын эле дудук балдар экени аныкталды. Үчөө календарь, калем сатып оокат кылышат экен. Ошол учурда алар Алай районуна орозо айынын календарын сатып келишип, эшек минип бара жаткан балага жолугуп, "сүрөткө түшүп алалы" деп ымдаганда жаш бала түшүнбөй калыптыр. Ошондон кийин "бала уурдаганы жатышат" деген маалымат тарап кеткен. Андан кийин жергиликтүү тургундар балдарды кармап алышып, урушкан. Учурда дудук балдардын токмоктолушу боюнча факты кылмыштарды каттоо китебине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Дудук балдардын ата-энелери аларды токмоктолгону боюнча медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатышат», - деген Ж.Аширбаев.

Ош ШИИБдин расмий видеосу

Интернетке тараган видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×