Turmush — Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылында жол кырсыгынан 6 жаштагы кыз каза болуп, тургундар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жыйынга чакырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2026-жылдын 22-апрелинде Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 106-чакырымында катталган. Анда жүк ташуучу чоң унаа жолдон өтүп бара жаткан 6 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен кыз окуя болгон жерде каза болгон.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган аймакта жол кырсыктары көп катталат. Буга байланыштуу айыл тургундары тиешелүү мекемелерден коопсуздук чараларын көрүүнү талап кылып, 24-апрелде жыйын өткөрүштү.
Көк-Талаа айылынын тургуну Кубанычбек Калыковдун айтымында, мектеп жана башка мекемелер чоң жолго жакын жайгашкандыктан, бул аймакта өзгөчө коопсуздук чараларын көрүү зарыл.
«Ош—Баткен—Раззаков жолунун Көк-Талаа айылы аркылуу өткөн бөлүгү калк жыш жайгашкан аймак болуп саналат. Жолдун төмөнкү тарабында 400гө жакын кожолук жашайт. Ал жактагы окуучулардын баары жолдун үстүңкү тарабында жайгашкан мектепке катташат.
Демек, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айланма жол же жолдун астынан, болбосо үстүнөн өтүүчү өтмөк курулушу керек. Азыркы шартта кошумча жол белгилери да талаптагыдай орнотулган эмес. Бар болгон белгилердин өңү өчүп, көрүнбөй калган.
Айылдын кире беришине, күн чыгыш тарабына саатына 60 чакырым ылдамдыкты чектеген белги коюлган. Бирок ал биринчи кесилиштен кийин күчүн жоготот. Жол коопсуздугуна мынчалык кайдыгер карабаш керек.
Бул мамлекеттик деңгээлде көтөрүлө турган маселе. Болбосо адам өмүрүн алган мындай кырсыктар кайталана берет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн чакырып, эл менен жыйын өткөрдүк. Бирок бул маселеге жогору жактан олуттуу көңүл бурулушу керек. Адам өмүрү менен ойношкондой болбойт», — деди ал.