Turmush — 2026-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялар жана изилдөөлөр боюнча кеңештин жыйыны өтүп, «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялар фондунун (АИФ) гранттык программасынын биринчи айлампасынын жыйынтыгы чыгарылды.
Аталган сынактын жыйынтыгында Ош технологиялык университети эки ири долбоор менен ийгиликке жетишип, грант утуп алды.
Белгилей кетсек, сынактын биринчи айлампасына 196 идея сунушталып, көп баскычтуу тандоонун негизинде эң мыкты долбоорлор аныкталган. Эксперттик баалоо, техникалык тандоо жана бетме-бет презентациялардан турган катуу конкуренциянын жыйынтыгында жалпы 6 долбоор колдоого ээ болгон.
Анын ичинде Ош технологиялык университетинин төмөнкү долбоорлору жеңүүчүлөрдүн катарына кирди:
– Электр станциялары, тармактары, торлору жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдыев Абдимиталип Баатырбекович тарабынан сунушталган «Жашыл энергетика жана санариптик технологиялар лабораториясы: аймактык өнөр жай менен интеграцияланган билим берүүчү жана илимий борбор» долбоору — 200 000 АКШ доллары;
– Инновациялык илимий-техникалык борбордун директору Авазбек уулу Акбуура тарабынан сунушталган «Түштүк Кыргызстандын топурактарын комплекстүү экологиялык-агрохимиялык изилдөө лабораториясы» долбоору — 175 000 АКШ доллары.
«Бул жетишкендик Ош технологиялык университетинун илимий потенциалынын жогору экенин, ошондой эле университетте жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн актуалдуулугун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын дагы бир ирет тастыктайт.
Аталган долбоорлордун ишке ашырылышы билим берүү процессине инновациялык технологияларды киргизүүгө, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана аймактык өнөр жай менен тыгыз байланыш түзүүгө өбөлгө түзөт», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.