Turmush — Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Ахмат Бакиев бүгүн, 14-апрелде Манас шаарындагы үйүндө акыркы сапарга узатылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, маркум калаага караган Тейит айылында жерге берилди. Маркумду узатуу зыйнатына жакындары, айылдаштары катышты. Алардын арасынан Ахмат Бакиевдин уулу Арстан Бакиев, Жусупбек Бакиевдин уулу Санжар Бакиевди көрүүгө болот.
Кечээ, 13-апрелде саат 19:00дөр чамасында маркумдун Манас шаарындагы үйүнө сөөгү алынып келген. Анын үйүнүн аймагына жакындары, жергиликтүү жашоочулар чогулган.
Ахмат Бакиев 66 жашта болчу. Жакындарынын айтымында, ал жүрөк оорусунан каза болду. Маркум акыркы жылдары Өзбекстандын Ханабад шаарында жашап жаткан.
Ахмат Бакиев кезинде «Сали-Ата» жоопкерчилиги чектлеген коомун жетектеген. Ал Курманбек Бакиев президент болуп турган убакта калаадагы таасирдүү адам катары таанылган.
2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Ахмат Бакиевге карата бир нече кылмыш иш козголгон.
2011-жылдын августунда Жалал-Абад шаардык соту Ахмат Бакиевди 7 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияда кескен. Соттун чечимине ылайык, Ахмат Бакиев КР Жазык кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (алдамчылык), 229-беренесинин 1-бөлүгү (мыйзамсыз куралдуу түзүм түзүү же ага катышуу), 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (бейбаштык), 241-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрү (куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылган.
2012-жылдын 4-январында Ахмат Бакиев түзөтүү абагынан Бишкекте жайгашкан №35 жатак абакка которулган. ЖАМКтын маалымат боюнча, соттолгон адам белгиленген жазанын 1/3 бөлүгүн өтөгөндөн кийин эгерде жаза өтөөчү колонияда тартипти бузбаса жана сактаса, жатак абакка которууга мыйзамдуу негиз бар.
2012-жылдын мартында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 3-мартта Ахмат Бакиев №35 жатак абактан качып кеткендигин билдирген.
Ошол учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, 24-январда Бакиев №6 ооруканага жаткырылган. Ал жерде 2012-жылдын 6-февралына чейин дарыланган, андан кийин дарылоону улантуу үчүн Бишкектин жеке медициналык борборлорунун бирине которулган.
Жазаларды аткаруу кызматы Бакиев стационарда жатканда №35 мекеменин кызматкерлери күн сайын текшерип турушкандыгы, бул текшерүүлөрдүн журналында белгиленгендигин билдирген.
2012-жылдын 3-мартында соттолгон А.Бакиевди текшергенде ал ордунда жок болуп чыккан.