Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Жылдын мыкты мугалими-2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2026» сынагы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бул сынак жыл сайын жалпы билим берүү орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мыкты инновациялык-технологиялык идеяларды колдонуп, чыгармачылык менен иштеп жаткан алдыңкы, таланттуу мугалимдерди жана тарбиячыларды аныктоо, аларга колдоо көрсөтүү, иш тажрыйбаларын жайылтуу максатында уюштурулат. Сынактын 1-этабы 6-март күнү башталган. Кечээ, 7-март күнү 2-этабы өттү. Сынакка район боюнча 37 мугалим жана 15 тарбиячы катышууда.
Мугалимдер арасында сынак сабактарын Шүкүрбек Бейшеналиев жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде, ал эми тарбиячылар арасындагы сынак «Тынчтык» бала бакчасында өткөрүлүп жатат.