Turmush — Кечээ, 4-апрелде Москва районуна караштуу Беловодск айылында 100 түп ак кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
Анын айтымында, президенттин демилгеси менен башталган «Жашыл мурас» улуттук компаниясынын алкагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдө.
«Ленин көчөсүндөгү эс алуу паркына жаңы аким Илияз Ташбаев менен биргеликте райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттүн, «Таза- Нарзан» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 100 түп ак кайың көчөтүн отургузушту», - деди Өскөмбаев.
Жаңы отургузулган көчөттөр тамчылатып сугаруу системасы менен камсыздалганын кошумчалады.