Turmush — Бишкекте өткөн мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республиканын турунда Нарын облусунан катышкан 27 окуучунун ичинен бешөө байгелүү орунга ээ болду.
- 1-орун — Ат‑Башы районундагы Карыбек Карпеков атындагы орто мектептин 11‑классынын окуучусу Мария Качкынова (кыргыз тили жана адабияты).
- 2-орун — Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин 11‑классынын окуучусу Рабия Шайырбекова (орус тили жана адабияты).
3-орундарды алгандар:
- Ак‑Талаа районундагы Б.Мүсүралиева атындагы мектептин 11-классынын окуучусу Канайым Нурланбекова (кыргыз тили жана адабияты)
- Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейдин 10‑классынын окуучусу Адилхан Кадыров (информатика).
- 4-орун — «Билимкана‑Нарын» мектебинин 9‑классынын окуучусу Акактай Өмүрзакова (кыргыз тили жана адабияты).