Turmush — Казакстандын Алмата шаарында өткөн «One Rhythm – One Energy» эл аралык фестивалына Ат-Башы районунан барган «Маржан» бийчилер тобу 1-орунду ээледи.
Маалым болгондой, фестивалда топ 3 тайпа менен чыгып биринчиликти багындырды. Жалпысынан 37 окуучу катышып, кыргыз бийлерин аткарышты. Иш-чарага жалпы 53 адам барган. Окуучулардын сапарына ата-энелер колдоо көрсөтүп, жол кире жана сахналык кийимдерди каржылап беришкен.
«Маржан» бийчилер тобунун жетекчиси Дөөткулова Фарида 2011-жылдан бери Балдарга билим берүү борборунда эмгектенип, жаш таланттарды тарбиялап келет. Бүгүнкү күндө «Маржан» бийчилер тобунда жалпы 68 кыз тарбияланып жатат.