Turmush — Айбек Тиленбаев «Ош унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 16-мартында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Буга чейин аталган ишкананы Арстанбек Тажибаев жетектеп келген.
Turmush 2025-жылдын ноябрь айында «Ош унаа базарынын» корей өндүрүшүндөгү автоунаалар сатылган бөлүгү оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилгенин жазган.
Мэриянын маалыматына караганда, жалпы 1500гө жакын унаа баткан бул бөлүктө бардык керектүү шарттар түзүлдү. Буга чейин автоунаа базарынын башка бөлүгүндө да оңдоо иштери жүргөн болчу. Быйылкы жылы унаа базары жайгашкан жер тилкеси айыл чарба багытынан коммерциялык багытка которулуп, унаа базары толугу менен реконструкциядан өткөрүлгөн.
- базардын ички аянтына асфальт төшөлдү;
- кошумча 2 навес салынды;
- коммерциялык багытында имараттар курулду;
- жалпы аянты 108 чарчы метр 31 ашкана салынды;
- канализация, таза суу, газ тартылды;
- акылдуу шлагбаумдар коюлду;
- аянты темир решеткалар менен тосулду жана жарыктандырылды;
- видео байкоо системасы орнотулду;
- автоунаа базарынын аянты 2,5 гектарга кеңейтилди (мурда 2500-2600гө жакын автоунаа батса, азыркы учурда 4 200 унаа батат).
- унаа жуучу жай, ажатканалар курулду.
Оңдоп-түзөөдөн кийин тейлөө системасы санарип форматка өткөрүлүп, мурдагыдай колма-кол акча жыйноо жоюлду. Бардык төлөмдөр электрондук түрдө жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасында унаа базардын кирешеси өстү. Алсак өткөн жылдары жылына орточо 20-25 млн сом түшкөн болсо, быйылкы жылы оңдоп түздөөдөн кийинки 3 айда эле 35 млн сомго жакын киреше жыйналган.