Turmush — Нарын шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү сыйланды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сыйлыкта Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын тапшырылды.
Абалак ордо оюну боюнча биринчи орунду ээлеген Нарын шаарынын «Бөкүл ата» командасы 50 000 сом акчалай сыйлыкка жана кубокко ээ болду.
Футбол боюнча мелдеште «Чаек» командасы биринчи орунду жеңип алып, 50 000 сом акчалай сыйлык жана кубок менен сыйланды.
Ал эми волейбол боюнча «Ат-Башы» командасы биринчи орунду камсыздап, 50 000 сом акчалай сыйлык жана кубокко татыктуу болду.
Нарын шаарындагы Нооруз майрамына арналган иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.