Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында Нооруз майрамы белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жергиликтүү жетекчилер жашоочуларды Нооруз майрамы менен куттукташты.
Майрамдык программа салттуу жөрөлгөлөр менен коштолуп, маданий программадагы чакан концерт тартууланды. Райондук мекеме-ишканалар тарабынан даярдалган улуттук тамак-аштардын түрү жармаңкеге коюлуп, бала бакча кызматкерлери бышырган сүмөлөк элге таратылды.
Майрамды утурлай улуттук спорттун бир катар түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы жылдары Нооруз майрамы менен Эгемендүүлүк күнү райондо жогорку деңгээлде белгиленбей, маданий иш-чаралар солгундап калды. Бүгүнкү Нооруз майрамында борбордук аянттын баткагы көрүүчүлөр менен жаш балдарга ыңгайсыздык жаратты.