Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Нооруз майрамы белгиленип жатат.
Turmush басылмасынын кабарчсы билдиргендей, кечээ, 20-мартта «Кадыр түн» иш-чарасы өткөрүлүп, шаар аймагында тазалоо иштери жүргүзүлүп, боз үйлөр тигилди. Кечкисин сүмөлөк кайнатылып, тургундарга бата берилип, кыргыз эл ыр-күүлөрүнүн коштоосунда концерттик программа тартууланды.
Бүгүн, 21-мартта майрамдын негизги бөлүгү улантылып, борбордук аянтта улуттук күүлөр жаңырып, шаар тургундары жана коноктор үчүн кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, соода-сатык жармаңкеси жана улуттук спорттук оюндар уюштурулууда.
Майрамдын алкагында боз үйлөр арасында сынактар өтүп, «Түндүктүн алдындагы ынтымак» жана «Улуттук мурас — жаңыча ой» аталышындагы кароо-сынакта катышуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Ошондой эле театралдаштырылган программа көрсөтүлүүдө.
Расмий ачылыш аземинде президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов куттуктоо сөздөрүн айтты. Иш-чаранын алкагында Караколдогу муниципалдык мекеме-ишканаларга, маданият бөлүмдөрүнө унаалар тапшырылды.
«Chevrolet Cobalt», «Chevrolet Tracker», «JAC» унаалары президенттин демилгеси менен мамлекет тарабынан берилди.