Turmush —
Бүгүн, 20- март күнү Каракол шаарында 14 мечитте Айт намаз окулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, Айт намазы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бекитилген тартипке ылайык өткөрүлдү. Саат 07:30да Куран окулуп, андан соң диний баяндар айтылды. 08:30да Айт намаз окулду. Айт намазга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.