Turmush — Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсык 2026-жылдын 14-мартында аталган жолдун 102–103-чакырым аралыгында (Кемин шаары) болгон. Анда «MAN» манипулятор үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, «Honda Stepwgn» жана «Volkswagen Passat B4» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 3 адам каза болгон: 1980-жылы туулган К.Ж. аттуу эркек жана 1956-жылы туулган К.А., 1980-жылы туулган Ж.Ф. аттуу аялдар. Мындан тышкары, 4 адам жабыркаган: 1983-жылы туулган К.А., 1965-жылы туулган А.А., 1956-жылы туулган А.Ж. жана 1989-жылы туулган Ж.А.
Жерине ӨКМдин Кемин райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлердин айтымында, ооруканага жеткирилген жабыркагандардын арасынан 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу аял көз жумган.