Turmush — Ош технологиялык университетинде «Жаштар жана мыйзам: кылмыштуулуктун алдын алуу» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институтунун дирекциясы жана жаштар комитети тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында кылмыштуулуктун, анын ичинде киберкоопсуздукка байланышкан коркунучтардын алдын алуу болуп саналат.
Жыйынга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Кибер кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны университеттин тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов ачып, теманын актуалдуулугуна токтолуп, студенттерди билим алууга жана тартипке чакырды.
Анын жүрүшүндө милициянын капитаны Азамат Аликулов киберкоопсуздук жаатындагы кылмыштар тууралуу маалымат берип, студенттерди этият болууга чакырды. Ошондой эле видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Ак-Буура милиция бөлүмүнүн өкүлү Маканов Уларбек кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзамдуулукту сактоо жана маалымат коопсуздугу боюнча кеңештерин берди.
Жыйын суроо-жооп форматында улантылып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында институттун директору Урмат Абдалиев сөз сүйлөп, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Активдүү студенттерге дипломдор тапшырылды.